Алтынбеков Айбек

1978-жылы 12-январда Жалал-Абад облусунун Базр-Коргон районунун Көктоңдуу айылында туулган.

 

Жогорку билимдүү. 2000-жылы «юрист» адистиги боюнча Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

 

2000-жылы Ош техникалык университетине караштуу аскердик кафедрасын аяктап, запастагы кичи лейтенант.

 

Эмгек жолун 2001-жылы Ош облусундагы «Жаркынай» жоопкерчилиги чектелген коомунда юрист-консультант, 2005-2009-жылдары Орусия жана Казакстан өлкөлөрүндө жумушчу, 2010-2011-жылдары «Жылдызбек» күзөт агенттигинин жетекчиси, 2011-2015-жылдары «Золотой орех» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси.

 

2012-2015-жылдары Могол айыл округунун айылдык кеңешинин депутаты. 2014-жылы Базар-Коргон районунун «Ардактуу атуулу».

 

2015-жылдан азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика-Ата Журт» партиясынын депутаты.

 

Грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери.

 

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.