Бишкек шаарынын өнүгүү программасы

БИЗ АР ДАЙЫМ СИЗДИ УГАБЫЗ!

СИЗДИН ТАЛАМЫҢЫЗДЫ ТАЛАШАБЫЗ!

РЕСПУБЛИКА-АТА ЖУРТ – ЭЛДИН ҮНҮ!

ОЛУТТУУ РЕФОРМАЛАР ПАРТИЯСЫ

 

КООПСУЗДУК – МАМЛЕКЕТТИН НЕГИЗГИ МИЛДЕТИ!

ШААРДЫКТАРДЫН ЫҢГАЙЛУУЛУГУН ЖАНА КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА ЧАРАЛАР

АДАМ КООПСУЗДУГУ – ӨЛКӨ КООПСУЗДУГУ!

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырабыз. “Коопсуз шаар” – жолдордогу адам өлүмүн, жана жаракат алуусун кескин түрдө азайтуу. Ошондой эле, укук коргоо органдарынын тартипти камсыздоосуна көмөктөшүү.

ТУРАК ҮЙЛӨРДҮН СЕЙСМИКАЛЫК ТУРУКТУУЛУГУН ТЕКШЕРЕБИЗ!

Мамлекеттик органдарды Бишкек шаарындагы бардык турак-жайлардын сейсмикалык туруктуулугун текшерүүгө мажбурлайбыз.

АДАМ ӨМҮРҮ БААРЫНАН КЫМБАТ!

Тез жардам кызматы бейтапка 7 мүнөттүн ичинде жетет.

УЛУТТУН САЛАМАТТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ ТУРАТ!

Жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана тамеки сатууга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү демилгесин көтөрөбүз.

ЖЕКЕ ЖАШОО ЖАНА ЖЕКЕ МЕНЧИК-ЭҢ ЖОГОРКУ БААЛУУЛУК!

ШААРДЫКТЫН СТАТУСУНДАГЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК АРТЫКЧЫЛЫКТАРДЫ БЕКЕМДӨӨ БОЮНЧА ЧАРАЛАР

АВТОУНАА САЛЫГЫН ЖОЙОБУЗ!

Автоунаа салыгын жойуу демилгесин көтөрөбүз.

МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКА БИР ГАНА АТКАМИНЕРЛЕР ҮЧҮН ЭМЕС!

Мамлекеттик ипотека шаардыктарга жеткиликтүү болушу керек!

АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ ЛИФТТЕРДИ АЛМАШТЫРАБЫЗ

Турак үйлөрдөгү бардык эски лифттерди жеткиликтүү лизинг программасы менен алмаштыруу демилгесин көтөрөбүз.

ҮЛҮШҮ БАРЛАР АЛДАНБАШЫ КЕРЕК!

Биз курулушчуларды үлүшү бар жарандардын алдындагы милдеттерин так аткарууга мажбур кылабыз! Учурда курулуп жаткан объектер бүтмөйүнчө, жаңысын баштоого тыюу салабыз.

ЫҢГАЙЛУУ АВТОБУСТАРГА ОТУРАБЫЗ!

Коомдук транспортту ирилештирип, кичи маршруттардан жогорку сапаттуу автобустарга өтөбүз.

1 БАТИР -1 АВТОУНАА ТОКТОТУУЧУ ОРУН

Жаңы турак-жайлардын жана коммерциялык имараттардын жанына автоунаа токтотуучу жайларды милдеттүү түрдө куруу талаптарын койобуз.

БЮРОКРАТИЯ – КООМДУ КУРУТКАН МИТЕ КУРТ! ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕГИ БЮРОКРАТИЯГА КАРШЫ ЧАРАЛАР

БИЗ «БАКЫТ КНОПКАСЫН» КИРГИЗЕБИЗ!

Баардык чиновниктер, мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагында жана укук коргоо органдарында иштегендер элге этикадан тыш же орой мамиле кылса, аларга административдик (1000 сом айып пул) жана дисциплинардык чара көрүүнү киргизебиз.

ЭЛЕКТРОНДУК ОНЛАЙН АУКЦИОН!

Мамлекеттик менчикти сатууну жана ижарага берүүнү теледен көрсөтөбүз. Электрондук онлайн аукцион өткөрүүнү киргизебиз.

БОРБОР ШААР – ӨЛКӨБҮЗДҮН ЖҮЗҮ ЖАНА СЫЙМЫГЫ!

БИШКЕКТИ БИЛИМ БЕРҮҮ, ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАНА МАДАНИЙ БОРБОР КАТАРЫ КЕЛБЕТИН САКТОО БОЮНЧА ЧАРАЛАР

БИШКЕКТИН БАРДЫК СЕЙИЛ БАКТАРЫН САКТАП КАЛАБЫЗ!

Жаңы сейил бактарды куруу маселесин көтөрөбүз! Бишкектин жашыл шаар наамын кайтаруу мезгили келди!

САЛЮТКА ТЫЮУ САЛАБЫЗ!

Бишкекте расмий майрамдардан башка учурда кечки ондон кийин салют атууга тыйуу салабыз.

БАШКЫ ПЛАН АЧЫК-АЙКЫН БОЛОТ!

Шаар мэриянын чечими менен эмес, башкы план боюнча өнүгөт.