71560

“РЕСПУБЛИКА” партиясы 2007-жылы түзүлгөн

2010 жылы 5-июнда “РЕСПУБЛИКА” партиясынын кезексиз сьездинде БАБАНОВ ӨМҮРБЕК ТОКТОГУЛОВИЧ жаңы лидер болуп шайланган.

2010 жылы күзүндө болгон шайлоо саясий ийгиликтин башталышы болду. “РЕСПУБЛИКА” партиясы 23 мандатка ээ болуп, Кыргызстандын ЖОГОРКУ КЕҢЕШНЕ өттү.

2010-ылы кыйын абалда “РЕСПУБЛИКА” партиясы парламентте биринчи коалициялык көпчүлүктү түзгөнгө жана саясий кризисти болтурбоого жетишкен.

“РЕСПУБЛИКА” партиясы 2011-ылы болгон президенттик шайлоодо “КСДП” партиясынын лидери АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН талапкерлигин колдогон. Бул мамлекетибиздин биримдиги үчүн кыраакылык менен кабыл алынган саясий чечим болгон.

2011-жылынын декабрь айынан баштап 2012-жылдын август айына чейин “РЕСПУБЛИКА” партиясынын лидери ӨМҮРБЕК БАБАНОВ оор абалда КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН өкмөтүн жетектеген.

ОМУРБЕК БАБАНОВ жетектеп турган учурда КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүн алдын алып токтотуп жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылган.

“РЕСПУБЛИКА” СП атынан республика боюнча 200 ашуун адам жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланган. Таластагы, Чолпон-Атадагы, Караколдогу, Оштогу, Кызыл-Кыядагы, Бишкектеги жана башка өлкө боюнча шаардык кеңештердеги фракциялар партиянын жогорку саясий рейтингин камсыздап келет.

“РЕСПУБЛИКА” – центристтик партия.

Биринчи кезекке өзүнүн максатын коюп, Кыргызстандын экономикалык жана саясий туруктуулугун камсыздоо, экономикалык саясатта либералдык багытты кармануу деп эсептейт.

Бүгүн “Республика” өзүнүн туусунун астында 60 миңден ашуун мүчө бириктирет.

ӨЛКӨ ҮЧҮН!

РЕСПУБЛИКА ҮЧҮН!