Виртуалдык кабинет

Буга чейин “Ата Журт” партиясы парламенттик шайлоого өз алдынча катышат жана бул тууралуу БШКга жиберүүнү көздөп жатат деген маалымат агенттиктеринин бири жарыялаган билдирүү негизсиз жана чындыкка коошпойт.

«Республика-Ата Журт» партиясынын саясий кенешинин мүчөсү Нурлан Шакиев айтылган маалыматты четке какты.

«Бул маалымат чындыкка жатпайт, бул кара пиар. Эки партия шайлоого бир барат. Эч кандай башка заявка болгон эмес жана болбойт»,- деди Шакиев.

“Ата Журт” партиясы шайлоого өз алдынча катышпайт ” –дейт  Республика-Ата Журт партиясынын юристи  Айжан Орозакунова. “Бул маалымат чындыкка  коошпойт, таркатылган  кабарга  ылайык, Юстиция министрлигинин   маалыматы боюнча партиянын жетекчиси дагы деле Камчыбек Ташиев. Партиянын шайлоого катышуусу  үчүн каттоодон өткөрүү тууралуу  маалымдамага  партиянын жетекчиси тарабынан кол коюлат. Андан тышкары, каттоодон өткөн талапкерлердин тизмеси да саясый партиянын мөөрү менен бекитилет. Бул документтердин бирин дагы  Камчыбек Ташиев бекиткен эмес жана кол  койгон эмес. Мындан улам, Ата Журт шайлоого катышуу үчүн өз алдынча  каттоого барат деген маалымат чындыкка  коошпойт” – дейт юрист

«Республика-Ата Журт» партиясы “Реформа” партиясы менен биригүү тууралуу макулдашууга кол койду

30-июлда  “Реформа”  партиясынын  “Республика –Ата Журт”  партиясына  кошулуусу   тууралуу  макулдашууга   кол коюу  расмий  салтанаты болупөттү.    

Буга  чейин  “Реформа”  партиясы  шаардык  кеңештин   шайлоосуна   “Тоскоолдуксуз жашоо”  деген аталышта катышкан.  “Бул биригүүгө — көз караштардын  бир багытта экендиги  негизги  себеп болду.  Эми  Республика-Ата Журт  партиясынын туусунун алдындагы  бул бирикме-   өлкөнү өзгөртө турган  ири  реформаларды жүргүзүү  максатында элдин  пайдасына  иштөөгө  даяр”- деп билдирди  Республика-Ата Журт  партиясынын тең төрагасы Өмүрбек Бабанов.    

Читать далее

“Республика – Ата-Журт” саясий партиясынын лидери Ө.Бабановдун Орозо айт майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу мусулмандар!

Баарыңыздарды ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!

Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, береке, бакубат турмуш  алып келсин!

Орозо тутуу – бул тазаланууга, кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө жана боорукерликке умтулуу экендиги белгилүү.

 Жүздөгөн  жылдар бою орозо айында элибиз келечекке аруу ниет кылып, жараткандан жерибизге тынчтык, элибизги ынтымак тилеген.

Ылайым ыйык тилектердин баары кабыл болсун!

Жараткан жалпы журтубузга жакшылык жөнөтүп, элибизге сабырдуулук , өлкөбүзгө өнүгүү, өзгөрүү жана жаңылануу берсин!

Дүйнөнүн төрт тарабын карап көрүп, ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алаарына көзүбүз жетет.

Ошондуктан Орозо маалындагы тилектер менен өлкөбүздүн белгилеген максаттары үндөшүп турат десек болот.

Дагы бир жолу ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм! Айтыңыздар маарек болсун!