Толкунбек Исаков

Толкунбек Исаков

1976-жылы 24-октябрда төрөлгөн.

2000-жылы Кыргызмамлекеттик улуттук университетининин юридикалыкинститутун аяктаган. Кийин ушул эле университеттин аспирантурасын аяктаган.

«Социалдык коргоонун отличниги» төш белгисинин ээси. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстициясынын отличниги.

2014-жылдан ушул убакка чейин ИИМ коомдук кеңешинин мүчөсү.

2008-жылдан ушул убакка чейин«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоорунун нормативдик-укуктук актыларын ишке ашыра турган жумушчу топтун төрагасы.

 

Ошондой эле, 2001-жылдан ушул убакка чейин «Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга юридикалык жардам берүү» фондусун жетектейт.

2010-2012-жылы Бишкек шаардыккеңеште депутат болгон.

2012-2015-жылы Президенттин алдындагы билим берүү боюнча коомдук эксперттик кеңештин эксперти болгон.

2011-2012-жылы «КР борборунун статусу» мыйзам долбоорунун иштеп чыгууда жумушчу топту жетектеген.

2010-жылы Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.

 2005-2008-жылы«Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоорунун жумушчу тобун жетектеген.

2005-2010-жылы «Көзкарандысыз жашоо» республикалык саясый партиясынын төрагасы болгон.

 2004-2011-жылы «Марс» ЖЧКнын юридикалык кызматынын жетекчиси болгон.

 2002-2006-жылы Ж. Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин сырттан окуу бөлүмүндө ага окутуучу болуп иштеген.

2000 -2003-жылы Улуттук юридикалык корпорацияда адвокат болуп иштеген.