party_pic

“Ата-Журт” Мекенчил партиясы” Саясий партиясы 2006 жылдын ноябрь айында түзүлүп, кыска мөөнөттүн ичинде мамлекетибиздеги эң ири саясий уюмдардын катарына кошулуп, өлкөбүздүн жүз миңдеген жарандарын бир партияга бириктире алды.
2010-жылдын октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясы эң көп, 270 000ге жакын добуш топтоп, мамлекетибиздин мыйзам чыгаруучу бийлик органы — Жогорку Кеңеште 28 депутаттык мандатка ээ болду. Бул көрсөткүч элдин “Ата-Журтка”, анын жетекчилери жана катардагы мүчөлөрүнө болгон терең ишенимин тастыктады.
2010-жылдын июнь айында улуттар аралык кагылышуудан улам алоолоп күйүп жаткан Түштүккө биринчилирден болуп “Ата-Журт” партиясынын өкүлдөрү барып, эки элди достукка чакырып, Ош, Жалал-Абад жергесинде тынчтыктын орнотулушуна зор салымдарын кошушкан. Партиянын жетекчилиги жана мүчөлүрү өмүрлөрүн тобокелге салып, чыныгы мекенчилдикти, баатырлыкты көрсөтө алышкан.
“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары өлкөбүздүн турмушундагы коомдук жана саясий-экономикалык тармактардагы орчундуу көйгөйлөрдү өз убагында аныктап, аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүп, мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте иш аткарып келет.
Республикабыздын өнөр-жай тармагынын эң ири объекти — “Кумтөр” алтын кенинин айланасында түзүлгөн жагдай боюнча “Ата-Журт” фракциясы өзүнүн туруктуу позициясын билдирип, бул маселе боюнча жалаң гана элибиздин, мамлекетибиздин кызыкчылыктарын жактап келүүдө.
Бишкек шаары жана Чүй областындагы мамлекеттик ишканаларга, алардын катарында балдар бакчаларына, ооруканаларга, карыялардын үйлөрүнө радиоактивдүү көмүр таратылып кеткендиги тууралуу “Ата-Журт” фракциясы биринчилерден болуп айтып чыгып, бул коррупциялык кылмыш фактысын көмүскөдө калып кетүүсүнө жол берген эмес.
Стратегиялык мааниге ээ болгон “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасы чет өлкөлүк инвесторго сатылып жатканда “Ата-Журт” фракциясы бир добуштан каршы чыгып, мындай келишим улуттук коопсуздукка чоң коркунучтарды жаратуусу тууралуу позициясын билдирген. Фракциянын бул кадамы да туура болгондугу бүгүнкү күндөгү Ош шаарында түзүлгөн абал далилдеп турат.
Өлкөбүздүн коопсуздугу, чек араларды коргоо маселелери, чек ара аймактарында жашаган элдин турмушу жана көйгөйлөрү фракция жыйындарында бир нече жолу талкууланып, Өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилген.
2010- жылдын октябр айынан бүгүнкү күнгө дейре “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары 25 000ден ашуун жаранды кабыл алып, жалпысынан 30 000ге жакын кайрылуу жана арыздардын үстүнөн иш жүргүзүшкөн.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” Саясий партиясы жана анын Жогорку Кеңештеги фракциясы жалпы элибиздин , мамлекетибиздин турмушун жакшыртуу, жарандардын укуктары жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талыкпай иш аткарып келет.